Кутулабызбы деги? Кыргызстан Кытайга канча карыз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОфициальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян
Официальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн тышкы карызынын дээрлик 42 пайызы Кытайдын Экспорт-импорт банкына тиешелүү

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдын алдындагы карызы 1,7 миллиард доллар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына жалпысынан 1,7 миллиард доллар бересе. Бул өлкөнүн тышкы карызынын 41,9 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тышкы карыздан кантип кутулат? 2018-жылы эле 13 млрд. сом төлөө керек
Салыштыра кетсек, бул сумма Кыргызстандын бюджетине бир аз гана жетпей калат. Тагыраагы, өлкөнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 140 миллиард 882,2 миллон сомду түзөт. Долларга которгондо бул сумма 2 миллиарддан бир аз гана ашат.

Баса, Кыргызстан Кытайдан былтыр эле 16 миллиард 804 миллион сом карыз алган. Андын кийинки орундарда Азия өнүктүрүү банкы (3 миллиард 406 миллион сом) жана Дүйнөлүк банк (2 миллиард 906 миллион сом) турат.

Ал эми Кыргызстандын Россия алдындагы 240 миллион долларлык карызы жыл башында толугу менен жоюлган. Жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы карызы 6,5 пайызга кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0