Тажикстанга мазут ташууда мамлекетке 9 млн. сомдон ашык зыян келтирилген

© AP Photo / Felix MarquezМай ташуучу унаалар. Архив
Май ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча мазут ташып бараткан 108 унаанын 67синин салмагы нормадан атайылап ашырылган

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. КР Транспорт прокуратурасы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү аныктоо агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан мамлекетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.

Текшерүү учурунда 2017-жылдын 1-ноябранынан 2018-жылдын 10-январына чейин "Жалал-Абад" бажысынан жалпы салмагы 3 миң 501 тонна мазут 108 май ташуучу атайын унаа менен Тажикстанга экспорттоо үчүн документ толтурулган. Аталган автоунаалар Тажикстанга бара жатканда "Жаны-Арык", "Каратай", "Сары-Таш" жана "Карамык" транспорт көзөмөлдөө пунктуларынан таразага тартылбай өткөрүлгөн.

Ювелирные изделия - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан 210 миң долларлык алтын зер буюмдар табылды
Транспорт көзөмөлү боюнча ыкчам топтун инспекторлору айрым машиналардын салмагы нормадан жогору болгонун аныктаган. Бирок алар ашыкча салмактан улам жолго келтирилген зыян үчүн акы алгандын ордуна 10 миң сомдон административдик айып салып коё беришкен. Ошол эле учурда инспекторлор ашыкча салмакты азайтуу үчүн майды куйдуруп алышы керек болчу, бирок аны жасаган эмес.

Алдын ала маалымат боюнча мазут ташып бараткан 108 унаанын 67синин салмагы нормадан ашык болгон. Анын кесепетинен аталган аймактын жолдоруна 9 миллион 474 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кызмат адамдары менен инспекторлорго Кылмыш жаза Кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0