Шумдук го! Араванда 1 км жол куруу үчүн 3,5 млрд. сомго тендер жарыяланды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган суммага Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү 1000 метр аралыкка асфальт төшөө каралган

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн дээрлик 3,5 миллиард (3,450,361,000) сомго тендер жарыяланганы туурасында маалымат жүктөлдү.

© Фото / скриншот с сайта государственных закупок КРМамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн дээрлик 3,5 миллиард (3,450,361,000) сомго тендер жарыяланганы туурасында маалымат жүктөлдү
Заявка на строительство одного километра дороги за 3,5 миллиарда сомов на портале госзакупок - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн дээрлик 3,5 миллиард (3,450,361,000) сомго тендер жарыяланганы туурасында маалымат жүктөлдү

Анда сатып алуучу уюм катары Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтү көрсөтүлгөн. Аталган айыл өкмөттүн Максым-Тобу көчөсүнө 1000 метр аралыкка асфальт төшөө кызматы каралган.

Лечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Гемодиализ боюнча мыйзамсыз иштин чети чыкты. 76 млн. сом кайда кеткен?
Тендер 6-апрель күнү жарыяланып, мөөнөтү 30-апрелге чейин экени жазылат.

Бирок асты жагында Лоттор (сатууга сунушталган товарлар тобу) деген бөлүмүнөн башкача сумманы көрүүгө болот. Анда 3,5 миллион (3,450,361) сом деп жазылган.

Бул жагдайды тактоо үчүн айыл өкмөт жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбоду. Сайтта көрсөтүлгөн номерден да жооп болгон жок.

Буга чейин Талас мэриясы дагы борбордук парктын ортосуна 1,5 миллион сомго ажаткана курган. Бирок ал эки жылдан бери иштебей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0