Кыргызстанда миллионер кылчу бизнестин 8 түрү. Адистердин кеңеши

© AFP / TED ALJIBEАКШ долларларын кармап турган бала. Архив
АКШ долларларын кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада Кыргызстанда бизнестин кайсы түрү кирешелүү болорун адистер айтып беришти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге киргенине үч жыл болуп, биримдиктин ишкерлик чөйрөсүнө кандай артыкчылыгы бар экени даана билинип калган чагы. Мындам улам "Биз Эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев менен ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров жакынкы жылдарда кыргызстандыктар бизнестин кайсы түрүн кылса утушта болорун түшүндүрүп беришти.

Улук Кыдырбаевдин айтымында, дүйнө ишкерлик жаатында кайсы багытта бара жатса, Кыргызстан дагы ошол нукту көздөшү керек.

"Учурда IT жана санариптик технологиялар, кызмат көрсөтүү, соода-сатык, тамак-аш даярдоо боюнча ишкерлик кылгандардын ташы өйдө кулап жатат", — деди Кыдырбаев.

Жаш ишкерлердин төмөндөгү батыттарга басым жасаганы туура:

Тамак-аш. Кыргызстан ЕАЭБге кирер алдында жүргүзүлгөн анализдерде өлкөдөгү товардын 77 пайызы сырттан келери белгилүү болгон. Анын ичинде тамак-аш дагы бар. Бул биз өзүбүздү-өзүбүз бага албай турганыбыздан кабар берет. Ошондуктан жер-жемиш, эт жана сүттү кайра иштетүү, дегеле тамак-аш дайындоо жаатында ишкерлик кылган адам жаңылбайт;

Мясоперерабатывающий комбинат Кубань в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Этти экспорттоого коюлган бөгөт качан алынат? Ветинспекциянын түшүндүрмөсү
Мөмө бактарын отургузуу. Акыркы жылдары Европадан алып келинген карлик тибиндеги алма-өрүктөрдүн көчөттөрү отургузула баштады. Бул дыйкандар үчүн эң жакшы жол. Анткени алар тез жетилип, түшүмдүү келет. Дүйнөлүк рынокто дагы ушуларды талап кылып жатышат. Андыктан, экспорттодо жеңил болот.

Курулуш. Кыргызстанда 2008-жылдан тарта 2014-жылга чейин курулуш тармагы өнүгүп, эң гүлдөп турган мезгилде Бишкек шаарында жылына 300дөн ашуун имарат курулуп турган. Бүгүнкү күндө элдин сатып алуу дарамети басаңдап, бул тармак токтоп калды. Бирок ошол эле курулуш иштери боюнча кызматтарды көрсөткөн компаниялар Россия жана Казакстандын рынокторуна чыгып, өз кызматтарын сунуштаса болот;

Дүйнөлүк базарда программа жазуу кызматтарын сунуштоо. Жер жүзү боюнча IT жана санариптик технологиялар, роботтоштуруу күч алып бара жаткан учур. Андыктан аларга программа жазуучу адистерге талап жогору. Ал үчүн сөзсүз эле каражат сарптап, учакка отуруп баруунун кереги жок. Кардарды дүйнөнүн каалаган чекитинен интернет аркылуу эле тапса болот;

Этнотуризм. Өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтер жергиликтүү элдин чыныгы турмушун, каада-салтын, жаратылышын көргүсү келет. Андыктан ушул тармакты өнүктүрүү зарыл. Бирок коопсуздук, заманбап аялдама, дааратканалар тууралуу унутпайлы;

Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Айыл элин бекер машыктырган Москва чемпиону Бообек: элеттен да миллион тапса болот
Интернет аркылуу соода. Учурда жаштардын басымдуу бөлүгү интернет дүкөндөрдү ачып, социалдык тармактар аркылуу соода кылып жатат. Жакшы жери — дүкөн үчүн атайын имарат алып, аны товарга толтуруп, ижара төлөөнүн зарылдыгы жок. Ошол эле учурда жакшы киреше көрүүгө болот;

Кызмат көрсөтүү. Бизнестин өлбөгөн түрү. Киши дайыма ар кандай кызматтарга муктаж.Акыркы жылдары өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр популярдуу болуп келе жатат. Мисалы, "Бир сааттык келин" кызматы. "Убактылуу" келиндерди көбүнесе конок тоскондор чакырып, үй оокаттарын жасатышат;

Окуу курстары. Жаңы технологиялар көп пайдаланыла баштагандыктан, аны өздөштүрүүнү көздөгөн жаштар көп. Демек, үйрөтүү курстарына суроо-талап күчөп турган кез.

Кыргызстанда бизнес баштоону көздөгөн адамдардын эң негизги көйгөйү — баштапкы капиталды табуу экенин ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров айтып берди.

Анын пикиринде, жаран бизнес баштоо үчүн бактардан же финансылык уюмдардан дээрлик насыя ала албайт.

"Иш баштайм деп турган башталгыч ишкерлер үчүн бактарда дагы, мамлекетте дагы материалдык колдоо боюнча атайын программалар жок. Андыктан иштеп кетеби же кетпейби деп эч ким тобокелчиликке баргысы келбейт. Ошондуктан жаш ишкерлер акчалуу досторунан, туугандарынан же жеке фирмалардан каражат суроого аргасыз", — деди Пакыров.

Анткен менен адистердин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери бизнес жүргүзүүнүн тартиптери өзгөрүп, сапаты көтөрүлүп бара жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0