ГЭСтен суу агызуу. Архив

Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө сууну үч тыйындан болсо да сатуу сунушталды

376
(жаңыланган 09:20 18.04.2018)
Быйыл өлкөдө суунун көлөмү мурдагыдан көп болот.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Умбеталы Кадыралиев премьер-министр Сапар Исаковго коңшуларга суу сатууну сунуштады.

Бүгүн, 17-апрелде, үч оппозициялык фракция: "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата Журт" фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши тууралуу отчет алып жатат.

"Коңшулар бир нерсе болсо эле чек араны жаап салган учурларды баштан өткөрдүк. Мындай көз карандылыктан арылуу үчүн аларга сууну үч тыйындан болсо дагы сатыш керек. Алар деле бизге энергетикалык ресурстарын сатып жатышпайбы. Мындай кадамга барбасак көз каранды болуп жүрө беребиз", — деди эл өкүлү.

Исаков бул боюнча ой бар экенин, эртең Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы сүйлөшүүлөр үчүн коңшу өлкөгө учуп жатканын билдирди. Ал ошондой эле алдын ала божомол боюнча быйыл суунун көлөмү мурдагыдан көп болуп, жалпы көрсөткүч 108 пайызды түзөрүн кошумчалады.

376
Белгилер:
Суу, депутат, Сапар Исаков, Кыргызстан
Пикирлер