Өлкөнүн алтын запасы бир жыл ичинде 10 млрд. сомго кымбаттады

© REUTERS / Ilya NaymushinАлтын куймалагы. Архив
Алтын куймалагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын-валюталык запас сомдун наркын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Март айынын аягындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасы акчалай эсептегенде 23 миллиард 162,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Алтын-валюталык запас (эл аралык валюта резерви) сомдун наркын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы доллар куну боюнча божомол. 2018-жылы эмнеге даяр бололу?
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашык валютадан жана алтындан турат. Бул каражат эл аралык эсептөөлөрдө жана төлөмдөрдө колдонулат. Ошондой эле улуттук валютанын кунун кармап турууда керектелет.

Былтыркы жылдын март айында Улуттук банктын алтын запасы 13 миллиард 440 миллион сомго бааланган. Демек, анын баасы быйыл 9,7 миллиардга өстү.

Баса, февраль айынын аягында Улуттук банк тарабынан чыгарылган 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде "2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы" деп аталган. Жогорку сыйлыктарга Россиянын 200 жана 2000 рубль номиналындагы, Армениянын 500 драм, Польшанын 500 злотый, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноталары талапкер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0