Кыргызстандыктардан колундагы нак акча көбөйдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан кыз. Архив
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын элдин колундагы акчанын көлөмү өзгөрүп турат, 1-январда эң көп көрсөткүч катталган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктардын колундагы нак акча көбөйгөнүн Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

АКШ долларларын кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда миллионер кылчу бизнестин 8 түрү. Адистердин кеңеши
Жүгүртүүдөгү акча — ишкананын кредиттик кассасындагы калган каражатты кошуп эсептегендеги элдин каражаты. Кеп чет элдик акча эмес, улуттук валюта сом туурасында гана болууда.

1-январга карата жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 91,1 миллиард сомду түзсө, февралдын башына эсептей келгенде 85,6 миллиардга азайган. Ал эми 1-мартка карата бул сумма 84,4 миллиард сом болгон. 1-апрелде бир аз, тагыраагы 85 миллиард сомго өскөн. Улуттук банк мындай өйдө-ылдый болгон көрсөткүчтөрдүн себебин айткан жок.

Март айынын аягындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасы акчалай эсептегенде 23 миллиард 162,3 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0