Россия Кыргызстандын 44 тонна айыл чарба азыктарын артка кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековВыращивание фасоля в Кыргызстане
Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүктүн ээлери тийиштүү документтердин жоктугунан артка кайтууга мажбур болушкан

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын чек арасында Кыргызстандан маркировкасы жок айыл чарба азыктарын ташып бара жаткан эки унаа токтотулду. Бул туурасында "Россельхознадзор" билдирди.

Попытки ввоза в Россию подкарантинной продукции высокого фитосанитарного риска из КР - Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүк жүктөлгөн КРдин фуралары Россиядан артка кайтарылды
Жүк ташып бараткан автоунаалар 22-апрелде "Караузек" өткөрүү бекетинен токтотулган. Анда  карантинге алынга азыктарды — алма, өрүктүн кагын, кургатылган кара өрүктү, төөбурчак, өрүктүн данегин, ит мурун, жер жаңгак жана күрүч ташып бара жатышкан. Жүктүн жалпы салмагы 44 тоннаны түзгөн.

"Маркировканын жоктугунун өзү мыйзам бузуу. Ошол документте карантинге алынган продукция тууралуу маалыматтар камтылып аталышы, өндүрүлгөн жери, жасалган күнү, жарактуу мөөнөтү жана сактоо шарттары жазылышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн ээлерине эскертүү кагазы берилип, унааларын артка кайтарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0