Кара-Кулжа: эпидемиологиялык көзөмөл борборуна Россия 2 млн. сомдук жардам берди

© Sputnik / Зульфия ТургуноваРоссия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды
Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

ОШ, 27-апр. – Sputnik. Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Жээнбек Дөкбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваРоссия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды
Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган
Бул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган
© Sputnik / Зульфия ТургуноваРоссия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн
Россия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн - Sputnik Кыргызстан
3/4
Россия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн
© Sputnik / Зульфия ТургуноваИш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Иш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Иш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
1/4
Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды
2/4
Бул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган
3/4
Россия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн
4/4
Иш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Анын айтымында, бул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Министр экономики КР Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Новиков: он миңдеген жумуш орундары Орус-кыргыз фондусунан улам пайда болду
"Союз маалында орнотулган эски жабдыктар менен иштечүбүз. Азыр жаңы сатып алынган аппараттардын жардамы менен ичүүчү суунун сапатын аныктайбыз. Суунун ичүүгө жарамдуу-жараксыздыгы тууралуу жыйынтык чыгарган соң тазалоо аракети көрүлөт. Анткени оорулардын көпчүлүгү ушул ичүүгө жараксыз суудан жугат. Борбор негизинен санитардык-гигиеналык, санитардык-бактериологиялык жана паразитологиялык багытта иш алып барат. Анда суунун, ундун, жашылчалардын сапатын аныктоо иштери менен кошо ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн жарандардан кан жана башка анализдери алынат", — деди Дөкбаев.

Ал кошумчалагандай, Россия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн.

Райондун акими Примберди Дыйканов Кара-Кулжа районунун аймагынын 45 пайызы ичүүчү таза суу менен камсыздалганын белгиледи. Жалпы 49 айыл болсо, анын 30унда гана таза суу бар, ал эми калган айылдын жашоочулары дарыядан, булактан чыккан сууну пайдаланышат.

"Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча атайын беш жылдык программа кабыл алынган. Анын негизинде 30 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыздалат", — деди Дыйканов.

Иш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0