Жээнбеков: сом валюта катары бардык сыноолорго чыдады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда
Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент сомду улуттук валюта катары киргизүү туура кадам болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Сом валюта катары өз ордун тапты. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Өлкө башчысы ошондой эле сомду киргизүү туура кадам болгонун айтты.

"25 жыл ичинде биздин улуттук валюта глобалдык экономикалык таңкыстыктын бир нече олуттуу сыноолоруна чыдады. Акча-насыялык суверенитет инфляцияга туруштук берип, сомдун дароо арзандап кетишине жол берген жок. Учурда кыргыз сому валюта катары турукташып, мурдагы постсоветтик аймактагы туруктуу валюталардын бири болуп калды", — деди Жээнбеков.

Президент, андан сырткары, сом киргенден кийин Кыргызстан экономикалык коопсуздук, банк жана төлөө системасынын туруктуулугу, өз алдынча финансылык пландоо жана көзөмөлдөө артыкчылыктарына ээ болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0