Абылгазиев: кайрадан түзүлгөн ишканалар 5 жылдын ичинде салыктардан бошотулат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства
Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү үчүн мамлекеттин бардык ресурстары колдонуларын белгилеген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өлкөнүн 70 пайыздан ашуун калкы аймактарда жашайт. Андыктан мамлекеттин бардык ресурстарын аймактарды өнүктүрүүгө багыттоо керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-майда өкмөттүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

"Калктуу пункттардын көп бөлүгү дотацияда турат жана өнүккөн инфраструктура менен активдүү ишкер чөйрөгө ээ эмес. Бул абалды эске алуу менен президент үстүбүздөгү жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Бул Жарлык жалпы коомдун күч-аракетин аймактарды өнүктүрүүгө багыттаган маанилүү документ болуп саналат", — деди премьер-министр.

Ал ошондой эле өлкөдө кайрадан түзүлгөн ишканалар беш жылдын ичинде мүлк, жер, киреше жана сатуу салыгынан бошотуларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0