Кыргызстандын алтын кору он миллиондогон долларга азайып кетти

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык валютанын кору өлкөнүн улуттук акчасынын курсун кармап туруу үчүн зарыл.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жыл башынан тарта Кыргызстандын алтын кору бир темпте азайып бара жатат. Бул туурасында Улуттук банктын сайтында айтылат.

Быйылкы жылдын январынын соңуна карата 2 миллиард 220,4 миллион доллар, февралдын аягында 2 миллиард 214 миллион, ал эми марттын соңунда 2 миллиард 212 миллион долларды түзгөн. Ал эми апрель айынын бүтүшү менен 2 миллиард 193 миллион доллар болгон.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коллекциялык дагы эки тыйын чыгарылды
Ошентип январь айынын соңуна салыштырганда КРдин Улуттук банкынын кору 27,5 миллион долларга азайган.

Кыргызстандын эл аралык валюта кору ондогон валюталардан, СDR жана алтындан турат. СDR — карыз алууга укугу бар, Эл аралык валюта фондусунун жасалма резерви жана төлөм каражаты. Аларды эл аралык эсептерде жана төлөмдөрдө, төлөм балансынын таңкыстыгын жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук банктан сом тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0