Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөн. График

Жазылуу
Жакында эле Интернетте активисттер элге кайрылып, Кытай алдындагы мамлекеттик карызды төлөө сунушун киргизди. Бересе акчага кайдыгер карабагандар коңшу өлкө карызы үчүн жерди алып коет деп тынчсызданууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Быйылкы жылдын март айынын аягында Кытай (Экспорт-импорттук банкы) алдындагы мамлекеттик карыздын көлөмү 1 миллиард 709 миллион долларга жеткенин Финансы министрлиги билдирди. Ал эми тышкы карыз жалпысынан 3,9 миллиард доллардын тегерегинде.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан биринчи "Эксимбанктан" 1992-жылы 5 миллион доллар алган. Акырындап төлөнүп отуруп, 2000-жылы республика карызынан толугу менен кутулган. Бирок кийинки жылы эле кайрадан акча алууга туура келген.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан алынган насыянын канчасы төлөнгөнү айтылды
Кытайга болгон карыз 2009-жылдан тарта кескин өсүп кеткен. Ал учурда 47 миллион долларга жетсе, бир жыл мурун эле болгону 9 миллиондун айланасында болчу. 2010-жылы 150 миллион долларды түзүп, ошондон кийин өсүү жолунда болгону байкалат.

Жакында эле интернетте активисттердин элге кайрылган видеосу жарыяланды. Анда аласасы эң көп болгон Кытай мамлекетинин алдындагы карызды төлөө сунушу айтылган. Бересеге кайдыгер карабагандар коңшу өлкө карыз үчүн Кыргызстандын жерлерин алып коет деп тынчсызданууда. Мындан улам алар элди акча чогултуп карыздан кутулууга чакырып жатат.

Ал активисттердин сунушу карапайым калк тарабынан да ар кыл кабыл алынды. Sputnik Кыргызстан агенттиги сурамжылоо жүргүзүп, элдин пикирин билди.

Жаңылыктар түрмөгү
0