Эсеп палатасы: экономикалык кылмыштуулук менен күрөшкөндөр мыйзам бузду

Жазылуу
Текшерүү учурунда финансылык эреже бузуулар жана каражат сарамжалдуу колдонулбаганы аныкталды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын Эсеп палатасы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдагы бюджети, депозиттик жана башка каражаттардын колдонулушуна аудит жүргүздү. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашты.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча үчүн банк эсеби ачылмай болду
Текшерүү учурунда 8600 сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталган. Ошондой эле каражаттын сарамжалдуу колдонулбаганы белгилүү болгон. Тагыраагы, мамлекеттик бюджет 2,5 миллион сом жоготкон: товар-материалдык баалуулуктун нормативдик запасы — 1,2 миллион, мөөнөтүнөн өтүп кеткен депозиттер — 1,3 миллион сомду түзгөн.

Мындан сырткары, "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндөгү мыйзамдын бузулушу дагы аныкталган. Эсеп палатасы аталган агенттикке кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0