Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллардан ашык акча берет. Ал кайда жумшалат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Совета глав правительств государств-членов ШОС в Сочи
Заседание Совета глав правительств государств-членов ШОС в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоого кетет.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) грант бөлө турганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Ага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот.

Мындан сырткары, Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана шаарчаларындагы археологиялык эстеликтерди изилдөө боюнча да кызматташуу жүрөт. Бул багытка 100 миллион юань бөлүнөт.

Келишимге экономика министри Олег Панкратов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0