Абылгазиев: мамлекеттик ипотеканын үстөгүн 6 пайызга кыскартуу керек

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы калкты ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо керектигин айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июнда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын ишмердиги тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, премьер-министр ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн алты пайызга чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берген.

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы өз аталышына татыктуу болушу керек. Азыркы шарттар социалдык тармактагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн туура келбейт. Ипотекалык насыялоонун шарттарын жакшыртуу өкмөттүн алдында турган башкы милдеттеринин бири", — деп Абылгазиев билдирген.

Өкмөт башчы калкты ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо жана республика боюнча анын катышуучуларын кеңейтүү иштерин улантууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0