Назарбаев ШКУдагы эсепти улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштады

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүВстреча глав государств Центральной Азии в Астане
Встреча глав государств Центральной Азии в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикасына коркунуч туудурган башка дагы нерселер бар экенин айтты.

ЦИНДАО, 10-июн. — Sputnik. ШКУ мамлекеттеринде эсепти уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук валютасында жүргүзүү керектигин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шаңхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жалпы жыйынында сунуштады.

"Дүйнөдө валюталарга карата диверсификация болуп жатканы көптөн бери айтылып жатат. Криптовалютанын пайда болушу менен валютанын көз карандысыздыгына кооптуулук пайда болду. Андыктан биз өз ара эсептешүүнү ШКУ мамлекеттеринин улуттук валютасы менен жүргүзүшүбүз керек. Бул биздин экономиканы кармап турат", — деди Назарбаев.

Казак президенти ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук банктары муну карап чыгып, "жол картасын" түзүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0