Кытайда өткөн ШКУ жыйынында кол коюлган документтердин тизмеси

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин на саммите ШОС в Китае. День второй
Президент РФ В. Путин на саммите ШОС в Китае. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-10-июнда Кытайдын Циндао шаарында ШКУ жыйыны болду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп, соңунда Циндао декларациясына кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Циндао декларациясы.

2. ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу тууралуу макулдашуусунун жоболорун аткаруунун 2018-2022-жылдарга карата иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

Флаг стран государств-членов ШОС - Sputnik Кыргызстан
ШКУнун кийинки саммити Бишкекте өтөт. Кыргызстанда көтөрүлчү негизги маселелер
3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгынын 2019-2021-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023- жылдарга карата баңги заттарга каршы стратегиясын жана аны аткаруу аракеттери жөнүндө программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

5. Шанхай кызматташтык уюмунун психотроптук жана баңги заттарын ашыкча колдонуунун алдын алуу боюнча концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу программасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусунун жоболорунун аткарылышы боюнча аракеттер программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

Государственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын арасынан Жээнбековду өзгөчө белгиледи
10. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

11. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими. (2018-2022-жж.).

12. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы туурасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими.

14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусу (кол коюусуз кабыл алынат)

15. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эпидемия коркунучтарына биргеликте каршы туруу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

16. Соода жол жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы туурасында маалыматтык билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Кытайда Кыргызстандын желеги асман тиреген имараттарды аралап өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда Кыргызстандын желеги асман тиреген имараттарды аралап өттү. Видео
Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономика жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кичи, чакан жана орто ишкердик тармагында стимул берүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда озон катмарын бузган заттарды трансчекаралык ташуулар жөнүндө маалымат алмашуусу тууралуу меморандум.

3. CENcomm RILO-МОСКВА оперативдүү каналы платформасын колдонуу менен ишке ашырып жаткан байланыш пункттарынын күнү түнү өз ара маалыматтык көмөктөшүү регламенти.

4. 2019-2020-жылдары туризм тармагында кызматташуу боюнча программаны ишке ашыруу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешип аракеттенүү планы.

5. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. (2018-2022 жылдар).

Жаңылыктар түрмөгү
0