Июнда күйүүчү май 1 сомго кымбаттап, наркы дагы деле көтөрүлүүдө

© Sputnik / Алексей Сазонов / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш айдын ичинде күйүүчү майдын баасы беш пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Июнь айында күйүүчү жана майлоочу май дагы кымбаттай турганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, май айында күйүүчү майдын дүң баасы 10 пайызга, июнда 2-4 пайызга чейин көтөрүлгөн. Ал эми жыл башынан бери 22 пайызга жогорулады.

"Чекене сатыктагы бензин кымбаттаган жок. Бул айда баа дагы жогорулайт, канчага чейин чыгарын божомолдоо кыйын. Анткени ар бир компаниянын сатып алуу жана жеткирүү боюнча өз келишимдери бар", — деди Кулов.

Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт күйүүчү май эмнеге кымбаттап жатканына түшүндүрмө берди
Июнда бензин менен автогаздын баасы 1 сомго кымбаттады, дизель майы 0,5 пайызга жогорулаган. Учурда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46 сом, АИ-92 бензини 43,3 сом, дизель майы 44,5 сом болсо, автогаз 22 сомдон сатылууда.

Күйүүчү жана майлоочу май бир нече себептен улам кымбаттаган. Алардын бири Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдору оңдоо иштеринен улам токтогон. Андан сырткары, нефтинин дүйнөдөгү баасы көтөрүлүп кеткен.

Май айынын аягында күйүүчү майдын баасы канчага чейин көтөрүлө турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0