Кыргызстан 2017-жылы канча миллиард тапты? Көз сүйүнткөн сандар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдары боюнча комитетинин жыйыны
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдары боюнча комитетинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча рейтингде алдыга жылды.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылдагы программасы 90,1 пайызга аткарылганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинети 12-июнь күнү 2017-жылы аткарылган иштер жөнүндө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдары боюнча комитетинин жыйынында отчет берди.

"Өкмөттүн "Ишеним жана биримдик", "Жаңы доорго кырк кадам" программалары 2017-жылы 90,1 пайызга аткарылган", — деди Абылгазиев.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы: ушул министрликтин айынан бюджет 350 млн. сом жоготту!
Премьер-министр "Бизнес жүргүзүү" индекси боюнча өлкө 75тен 77-орунга түшүп калганын белгилеп өткөн. Анткен менен 2017-жылы "Төлөм жөндөмдүүлүгү" (11 орунга алдыга жылыш) менен "Насыя алуу" (3 орунга алдыга жылыш) көрсөткүчтөрү кыйла жакшырган.

Мындан тышкары, Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча рейтингде 89дан 78-орунга көтөрүлгөн. Ал эми глобалдык атаандашуу индекси боюнча 9 орунга алдыга жылган. Индикаторлордун өсүшү макроэкономикалык стабилдүүлүк жана финансы рыногунун жакшырышынан улам болгон.

2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, алдын ала божомолдон 1,1 пайызга ашып түшкөн. Ал эми ИДП 521 миллиард сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0