Жээнбеков Путин менен жолугуп, ЕАЭБ боюнча кызматташууну талкуулады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Киргизии С. Жээнбековым
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Киргизии С. Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Путинге Россияда боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына Россия лидери Владимир Путин ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тараптар эки тараптуу актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулады. Жээнбеков Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады ", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жээнбеков бүгүн эртең менен Москвага бир күндүк жумушчу сапарга учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0