Бал. Архивдик сүрөт

Челябинскинин дүкөндөрүндө Кыргызстандын товарлары пайда болот

92
(жаңыланган 09:49 18.06.2018)
Көргөзмөгө Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим-кечек, бал, сүт азыктары жана жер-жемиштер коюлган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Челябинскинин дүкөндөрүнө Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын Экономика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

15-июнь күнү бул шаарда эки өлкөнүн ортосунда айыл-чарба, туризм жана авиация тармагындагы кызматташуу боюнча кыргыз-россия конференциясы болгон.

Анын алкагында, Челябинскидеги ири дүкөндөрдүн биринде кыргыз товарларынын жарманкеси өтүп, ага КРдин вице-премьери Жеңишбек Разаков менен Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский катышкан.

Көргөзмөгө Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим-кечек, бал, сүт азыктары жана жер-жемиштер коюлган.

92
Белгилер:
келишим, товар, Экономика министрлиги, Челябинск
Тема боюнча
Кыргызстандын жаңгактары Россиянын көзөмөл бекетинен артка кайтарылды
Кыргызстанга посылка Кытай менен Россиядан көп келет