Кыргызстанга Россиядан көп акча которула баштады

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли жана АКШ долларлары. Архив
Россия рубли жана АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен Россиядан көп акча келген алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирет.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Быйыл биринчи кварталда Россиядан Кыргызстанга акча которуу былтыркыга салыштырмалуу 8,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу Россиянын борбордук банкы маалымдады. 

Биринчи кварталда Кыргызстанга 434 миллион доллар которулган. Былтыр мындан 36 миллион долларга аз акча келгени айтылды.

КМШ мамлекеттеринин ичинен Россиядан көп акча жөнөтүлгөн мамлекеттердин башында Өзбекстан (726 миллион доллар), экинчи орунда Тажикстан (487 миллион доллар) турат. Ал эми тизменин аягын Молдова (109 миллион), Белоруссия (73 миллион доллар) жана Түркмөнстан (200 миң доллар) ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0