Жээнбеков: өлкөдөгү коррупциядан улам инвестиция башка өлкөлөргө кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на пленарном заседании ЖК
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на пленарном заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө башчысы Жогорку Кеңеште депутаттарга жана элге кайрылуу жасап жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло албаганын айтты. Ошондой эле региондордун ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орнобогонун белгиледи.

"Инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөн. Бирок өлкөбүздө инвестициялык климат талапка ылайык деңгээлге көтөрүлө албады. Ачыгын айталы, биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти", — деди ал.

Министр иностранных дел Эрлан Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев ант берди
Жээнбеков ошондой эле рынок экономикасынын негизин түзгөн эки институт — менчикти коргоо жана келишимди сактоо укугу толук камсыздалбаганын айтты. Андан сырткары, рейдерликке жол ачкан учурлар болгонун жашырган жок.

"Коомубузда криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалды. Мамлекеттик башкарууда тар чөйрөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого жол берилген учурлар болду. Ушунун кесепетинен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилди", — деди преиздент.

Өлкө башчысы өз сөзүндө коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик түзүмдөр — сот жана укук коргоо органдары өздөрү адилет болбой жатканын жарандардын нааразычылыгын жаратканын айтты.

"Бул маселелерди Коопсуздук кеңешинде, кийинчерээк сотторду реформалоо кеңешинде да көтөргөм. Иштер башталды, бирок маселе курч бойдон калууда", — деди президент.

Андан сырктары, өлкө үчүн өтө зарыл болгон ички иштер органдарын реформалоо абдан кечигип жатканын белгилеп, мыйзамсыз ишмердиктен пайда болгон акчалардын көлөмү өсүп жатканын белгиледи.

Жээнбековдун сүйлөгөнү сөзүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз эфиринен көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0