Кыргызстан канткенде транзиттик өлкөгө айлана алат? Президенттин пикири

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКрупнейшая припортовая ж/д станция Дальневосточной железной дороги Находка - Восточная
Крупнейшая припортовая ж/д станция Дальневосточной железной дороги Находка - Восточная - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы орто жана узак мөөнөттүү долбоорлорго маани берүү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттарга жана элге кайрылуу жасап, Кыргызстан автомобиль жана темир жолдорду курууга, электр жана байланыш түйүндөрүн жакшыртууга муктаж болуп турганын айтты.

Ал өз сөзүндө бул нерселер өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруудагы негизги факторлорге кире турганын белгиледи.

"Инфраструктуралык туңгуюктан чыгып, биз Кытайдан тартып Евразиянын деңиз портторуна чейин жеткен транзиттик өлкө болуп калышыбыз зарыл. Ошондуктан "Улуу Жибек жолунун" алкагындагы эл аралык долбоорлорго активдүү катышабыз", — деди президент.

Жээнбеков, андан сырткары, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрткү болуп, жарандардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө турган, орто жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлорду санап өттү.

Алар:

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу;

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу;

Ысык-Көл айланма жол алкагы;

Суусамыр — Талас — Тараз жолу;

Жалал-Абад — Маданият жолу;

Ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү.

Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 – Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоо кандай болушу керектигин айтты
Президент узак мөөнөттө ишке аша турган долбоорлордун ичинен Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча пландарга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле жакында Кытайга болгон иш сапары учурунда бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар өлкөлөр менен сүйлөшкөнүн айтты. Анын ичинен Россия менен да бул теманы талкуулап, позициялар такталып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0