Сооронбай Жээнбеков айлык акыны көтөрүүгө ынтызар

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент коомчулуктун бардык катмарында мындай муктаждык бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өкмөт жана парламент менен биргеликте каржы булактарын так аныктоо аркылуу этап менен айлык акыны көтөрүү маселесин чечүү керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн өлкө башчы кайрылуу жасады. Кыргызстандын коомдук жана саясий турмушунда бир топ өзгөрүүлөргө кабылганын айткан президент коррупция, инвестиция жана сот менен укук коргоо багытындагы реформаларга, ошондой эле кадр маселесине кенен токтолду.

"Өкмөт жана парламент менен биргеликте каржы булактарын так аныктоо аркылуу, этап этабы менен айлык акыларды көтөрүү маселесин чечишибиз керек. Бардык тармактарда мындай муктаждык бар. Мамлекеттик кызматкердин айлык акысы анын минималдуу керектөөлөрүнө жетиши керек", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент Кыргызстан канткенде транзиттик өлкөгө айланарын да айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0