Кыргыз өкмөтү бир шарт менен бизнести текшерүүнү эки жылга токтотот

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд по элитным домам Бишкека не оплатившим налоги
Рейд по элитным домам Бишкека не оплатившим налоги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон бизнес-омбудсмен пайда болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бардык бизнеске жана ишкерчиликти текшерүүгө эки жыл мораторий киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Экономика министри Олег Панктратовдун айтымында, бул аралыкта ишкерчиликтин бардык субъектилерине айып салбастан көзөмөлдөй турчу механизм иштелип чыгат. Министр инспекторлор ишкерлерди айыпка жыгып, мыйзам бузганын табам дебестен ага жардам берип, эреже бузуулардын алдын алууга жардам бериши керектигин белгиледи.

"Негизги басым текшерип жаткан инспектордун жеке жоопкерчилигине жасалат. Керек болсо анын мыйзамсыз аракеттерин карап, административдик, кылмыш жоопкерчилигине тартуу да каралат", — деди Панкратов.

Ошол эле учурда үч эсе келтирилген чыгымды эреже бузган ишкер жана объектини текшерген мамлекеттик органдын өкүлү көтөрөт. Андыктан ишкер дагы, мамлекеттик текшерүүчү да мыйзам бузбоого тырышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0