Вице-премьер: үйдүн бир чарчы метрин 350-360 доллардан саткан компаниялар бар

Жазылуу
Аскаров чарчы метрин 658 доллардан берип жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишине нааразы болду.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай сатып алууга берген насыясы жеткиликтүүлүк принцибине дал келбейт. Бул тууралуу вице-премьер Замирбек Аскаров мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесинде билдирди.

Ипотека берген банкттардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарты. Тизме
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу "Жеткиликтүү ипотека" багытын ишке ашыруу жана "Кийинчирээк сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизминин алкагында кыймылсыз мүлктүн баштапкы рыногундагы даяр турак жайды сатып алуу жана аны ишке ашыруу жөнүндө компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер Аскаров учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатып алынып жаткан турак жайдын чарчы метри 658 долларды түзөрүн айтты.

"Мындай баа турак жайдын жеткиликтүүлүгү принцибине дал келбейт. Чарчы метрин 350-360 долларга баалаган, ошол эле учурда ар бир чарчы метрине 2080 сомдон салык төлөгөн курулуш компаниялары бар. Кабыл алынган "Жеткиликтүү турак жай" программасына карабастан, ипотекалык компания батирлерди рынок баасы менен сатууда. Мындай шарттарда мугалимдер жана врачтар жаңы батир сатып ала албасы түшүнүктүү. Насыянын ар жылкы үстөк баасын 6 пайызга төмөндөтүп, аны ишке ашыруу жолдорун табышыбыз керек", — деди ал.

Строительство жилых домов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: быйыл ипотекалык насыя бардык жарандарга 8% менен бериле баштайт
Мындан тышкары, комиссиянын жыйынында "Жеткиликтүү турак жай" программасына катышууну каалаган эмгек мигранттары үчүн жаңы критерийлерди иштеп чыгуу, ошондой эле турак жайды жеңилдетилген шарттарда алууну каалаган жактар үчүн тийиштүү документтерди чогултуунун электрондук тутумун киргизүү боюнча маселе көтөрүлдү.

Буга чейин аталган компания каражат берүүнү айрым себептерден улам токтотконун маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0