Чолпон-Атада эл аралык экономикалык форум өтөт

Жазылуу
Иш-чарага мамлекеттик мекемелер, чет элдик жана жергиликтүү ишкерлер катышат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө V эл аралык экономикалык форум уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл 2018" аталышындагы иш-чара Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өтөт. Анда мамлекеттик мекемелер, ата мекендик жана чет элдик ишкерлер түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу маселелери боюнча кызматташууну талкуулашат.

Форумду Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0