Башкы прокуратура бажы кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Табылды КадырбековБажы кызматынын имараты. Архив
Бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш мындан ары иликтөө үчүн УКМКга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура бир катар бажы кызматкерлерине жана жеке тараптарга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, бажычылар КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 303 (Коррупция), 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (Кызматтык жасалмачылык) боюнча айыпталууда.

"Үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында Борбордук бажы башкармалыгынын жана "Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "K.G." жана "L.G." ЖЧКлары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма квитанцияларды пайдаланышкан. 18 миллион сомго Кытайдан алып келинген товарларды жасалма документтер аркылуу декларациядан өткөрүшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Каржы министрлигинин Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасы аталган ЖЧКлардан декларация боюнча төлөмдөр түшпөгөнүн билдирген.

Жыйынтыгында мамлекет ири көлөмдөгү чыгым тартканы айтылды.

Мындан аркы иликтөө жүргүзүү үчүн иш УКМКга жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0