Коррупциялык акча үчүн ачылган эсепке ушу тапта 39 млн. сом түштү

Жазылуу
Алгачкы каражатты Башкы прокуратура өндүрүп, эсепке салган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке 39 миллион сом которулганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эсеп 3-июль күнү ачылган.

"Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура 39 миллион сом которду", — деп айтылат маалыматта.

Заседание президиума правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Ичип-жегендер куссун! Депутаттар тышкы карыздан кутулуу үчүн акча берүүгө даярбы
Билдирүүдө бул багыттагы жумуш улантылып жатканы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча эсеп казыналыктын системасында ачылган. Андагы каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт.

Бийликтин божомолу боюнча саамалык акчаны бөлүштүрүүнүн жана анын эсебин алуунун натыйжалуулугун арттырып, каражатты максаттуу пайдаланууга жол ачат.

Атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент үстүбүздөгү жылдын 16-майында кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0