Мамлекет тарткан 81 миллион сомдук зыян. Финпол кимге доомат коюп жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы полициясы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти менен тыгыз иштеп жатканын айтты.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген 81,4 миллион сомдук чыгымга байланышкан иш боюнча Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине дооматы жок экенин билдирди. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Эске салсак, өткөн аптада Финпол санариптик теле көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу маалында мамлекетке 81,4 миллион сом чыгым келтирилгендигин айтып, буга Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген маалымат тараткан.

"Коомчулук тарабынан бир аз түшүнбөстүктөр болду. Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайбыз: иликтөө маалында "Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмесинин" жетекчилиги тарабынын төлөмдөрдүн баалары жогорулатып көрсөтүлгөн. Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин чиновниктерине дооматыбыз жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бул кылмыш ишинин алкагында эч кимге күнөө коюла электиги жана департамент менен тыгыз иш жүрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0