КРге ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аркылуу машинаны кантип алып келсе болот. Бажынын жообу

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-июлдан тарта сырттан келген автоунааларды каттоо бир кыйла арзандады. Бажычылар автоунаа ташуучулар менен жолугуп, жаңы эрежелерди түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү автоунаа ташуучулар менен жолукканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

26-июлдан тарта күчүнө кирген жаңы токтомго ылайык, чет жактан алып келинген автоунааларды каттоонун коюму 2014-жылдагыга теңелди. Мындай тариф 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Автоунаа ташуучуларга жаңы эрежелер боюнча түшүндүрмө берилип, катышуучулар ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аркылуу машина алып кирүүнүн жол-жоболору тууралуу суроолорду беришти.

"Автоунааны транзит менен алып келе жатканда аны ошол мамлекеттеги коюмдар менен каттоого аласыңар жана депозит сертификаты берилет. Аны Кыргызстандын бажы органына алып келесиңер, бул жактан айырманын көлөмү кайтарып берилет", — деп айтылган маалыматта.

Эгер сиз автоунаа алып кирүүнү пландап, бирок канча болорун билбей жатсаңыз, атайын калькулятордон пайдаланыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0