Медициналык академия 16 миллион сомго китеп сатып алган

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "Очарованная душа. К 150-летию Ромена Роллана"
Открытие выставки Очарованная душа. К 150-летию Ромена Роллана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КММАнын окуу залы электрондук ресуртар менен да камсыздалган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) соңку төрт жылдын ичинде 16 миллион сомго жакын каражатка китеп сатып алган. Бул туурасында аталган окуя жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Медициналык академиянын китепканасы жыл сайын кыргызча, орусча жана англис тилиндеги китептер жана окуу усулдары менен толукталып жатканы айтылат. Төрт жылдын аралыгында тендер аркылуу 15 миллион 712 миң сомго 26 738 китеп сатып алынган.

Мындан сырткары, КММАнын окуу залы электрондук ресуртар менен да камсыздалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0