Панкратов коомду дүрбөлөңгө салган салык тууралуу айтып берди

Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары өкмөттүн сатуудан алынган салыкты эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүү сунушуна терс пикирин билдирген. Төлөм бир жолу гана алынбастан, ар бир сатып алууда алынат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Карточка менен соода кылган кардарлар эки пайыз жеңилдик талап кыла аларын экономика министри Олег Панкратов маалымат жыйында билдирди.

Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кыдырбаев: өлкөдө салык төлөө маданиятын өнүктүрүү зарыл
Социалдык тармактын колдонуучулары өкмөттүн сатуудан алынган салыкты эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүү сунушуна терс пикирин билдирген. Анткени бул салык бир жолу гана алынбастан, ар бир сатып алууда алынат. Андыктан бул өз кезегинде карапайым калкка оорчулук алып келет.

Министр буга чейин билдиргендей, сатып алуудан алынган салыктар накталай төлөмдөргө гана жүргүзүлөт. Ал эми карточка менен соода кылгандардан эч кандай салык алынбайт.

Панкратов ошондой эле карточка менен соода кылгандарга нөл пайыздык коюм киргизүү эки жыл мурда киргизилип, бул өз кезегинде карточка колдонгондордун санын көбөйткөнүн кошумчалады.

"Нак акча менен соода кылгандарга киргизилген сатыктан алынган 2 пайыз салык анча деле көп эмес. Андыктан, тилекке каршы, бардыгы эле карточка менен соода кылууга өтүүгө ашыкпайт же чара көрбөйт. Башкача айтканда, карточка менен соода кылган жаран эки пайыз жеңилдик талап кылганга укуктуу жана аны бардык ишкерлер бериши керек. Бирок эки пайыз сумма анча көп болбогондуктан кардарлар аны көп деле колдонбойт", — деди министр.

Ал, андан сырткары, супермаркеттер жеңилдик карточкаларын киргизип, кардарды өзүнө тартууга аракет кылат, эми бийлик дагы ошондой эле маркетинг ыкмасын колдоно аларын белгиледи.

"Сиз карточка менен беш пайызга чейин жеңилдик ала турчу дүкөндөргө барып баштайсыз. Бул ыкма бизнести карточка менен соода кылууга өтүүгө үндөйт. Кардарлар дагы сатып алуудан салык алынбай турчу жайларга бара баштайт", — деди министр.

Панкратов өкмөт кээде сатыктан алынуучу салыкты көтөрүү боюнча кадамдарга барарын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0