Жээнбеков чет жактагы мекендештер менен иштей турчу кеңеш түзүү ниетин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумунда
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Мекендештер форумунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков "Мекендештер" форумунда сөз сүйлөдү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков чет жактагы мекендештер менен тыгыз иштей турчу атайын кеңеш түзүлөрүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумунда билдиргенин президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Президент учурда чет жактагы мекендештер Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу мыкты сапаттарга ээ болуп калганын белгиледи.

"Чоң ийгиликтерге жетип "ири инвестициялык долбоорлорго каражат салсак, инвестицияларды тартып келсек" деген мекендештерибиз бар. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууда. Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеңеш түзсөк максатка ылайыктуу болот. Бул кеӊешти президентке караштуу кылып түзсөм деген оюм бар", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле чет жакта иштеп жүргөн мекендештердин артында калдайган эл, кызыкчылыгын коргогон мамлекет бар экенин кошумчалады.

Мурдагы президент Роза Отунбаеванын "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу тарабынан "Мекендештер" форуму ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

Аталган форум 8-9-август аралыгында Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0