Өлкө аймактарында мал менен чөп канчадан сатылып жатат. Баасы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФермерское хозяйство в Московской области
Фермерское хозяйство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр өлкөнүн көпчүлүк жеринде чөп чабык убагы, андан сырткары балдарды мектепке даярдоо аракети көрүлө баштады.

Өлкөдө малдын жана чөптүн наркы канчадан болуп жатат? Көпчүлүккө кызык болгон суроого Sputnik Кыргызстан жооп алып, облустардагы бодо мал менен майда жандык менен чөптүн баасын сураштырып чыкты.

Чөптүн наркы

Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын эли былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл чөп кымбат деп санаркоодо. Алсак, Нарында былтыр бир түк чөп 70 сомдон, ашып кетсе 100 сомго бааланса, быйыл 150 сомго чейин көтөрүлгөн. Ысык-Көлдө да ушундай эле көрүнүш.

"Быйыл жаан дээрлик жааган жок, сугатка суу да кеч келди. Бир жайда эки жолу чөп чаап алчу элек, быйыл кургакчыл болуп чөп аябай аз, бир эле жолу чаптык. Бир түгү кем дегенде 150дөн сатылып жатат, ошону да араң табасың", — деди Жети-Өгүз районунун тургуну Болот Миңбаев.

Национальное блюдо боорсок - Sputnik Кыргызстан
Малыңды союп, боорсогуңду жасап берем! Той-ашта керек болчу 7 кызматтын акысы
Чүй облусунун жашоочусу Медер Кондубаев "Токмок" базарында мал сатып иштейт. Ал дагы быйыл чөптүн баасы асман чапчып кеткенин айтып, элдин баары азыртадан кышка камына баштаганын айтты.

"Токмоктун базарында чөптүн бир түгү 120 сомго чейин сатылып жатат. Былтыр 60-70 сомдон эле алчубуз. Чөп алып саткандар "Ат-Башы, Кочкор, Ысык-Көлдө чөп жок экен" деп талаадан эле жыйнап кетип, кышка азыртадан даярдык көрө баштады", — деди Кондубаев.

Анткен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында баа былтыркы жылдагыдай эле. "Чөп тартыштыгы деле байкалбайт" деген жергиликтүү тургундар учурда бир түк чөп 80-100 сомдун тегерегинде болуп жатканын билдиришти.

Малдын баасы

Нарындагы ири делген "Ат-Башы" мал базарында учурда малдын баасы ар кандай. Жаздагыдай эле бул жакта жылкынын баасы 70 миңден түшө элек. Жергиликтүү тургун Кубан Океевдин айтымында, азыр базарда букалар жакшы бааланып жатат.

"Курман айтка карата азыр букалар жакшы өтүүдө. Сойгонго ылайыктуу эки жаштагысы 40-45 миң сомдун тегерегинде. Мындан сырткары, той-ашка деп жылкылар бирин-серин сатылууда. Эти 250 кишиге жеткидей эки эли чыккан жылкыларды 70-75 миң сомго тапса болот", — деди Океев.

Чүй облусунун "Токмок" мал базарында да торпок, букалар жакшы өтүп жатканын ишкер Медер Кондубаев баса белгиледи. Анын айтымында, күзүндө мал арзан болуп көбү жазга чейин семиртип багуу үчүн алышат.

Кош-Агачский район Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Кырылган кой, аскадан учкан жылкылар. Кыргызстанда малды камсыздандырса болобу?
"Көптөн бери уй, торпок алып сатып иштейм. Көбүнчө сүт багытындагы уйларды алып, алардын сүт, айран, быштагы менен оокат кылчубуз. Быйылкы жылдан баштап букаларды да ала баштадым. Азыр да сезон анча баштала элек, сентябрдын ортосунан октябрдын аягына чейин малдын наркы бир топ эле төмөндөйт. Себеби ошол кезде мал семирип тоодон түшүп, атаандаштык көп болот. Алып сатарлар да ошол учурда жакшы иштеп алышат", — деди Кондубаев.

Малга болгон баага саресеп сала турган болсок, жылкынын наркы дээрлик бардык аймактарда орточо баасы 70-75 миңдин тегерегинде. Ал эми уй Баткен менен Нарында 35 миңден жогору болсо, Ысык-Көл, Таласта саан уйлардын наркы 70 миңге жетет. 1,5-2 жашар торпоктун баасы жети дубандын мал базарларында тең 20 миң сомдун айланасы. Ал эми ириктердин баасы Ош жергесинде 13000 сомго жетсе, Ысык-Көлдөн 7-8 миң сомго тапса болот.

"Азыр чет жактарда этти кымбат алып жатат деп малдын баасы Ошто да көтөрүлдү. Айрыкча букалар 40-50 миңден түшпөсө, торпоктордун наркы 25 миң сомго чейин жетүүдө", — деди Ош облусунун тургуну Асат Жолдубаев.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында койдун этинин бир килограммы 280-300 сомдон болсо, уй эти 280-320 сомго бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0