Элеттеги бизнесмендерде 300 миң долларга чейин насыя берилиши мүмкүн

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонд жалпысынан 279 миллион сомдук 1 451 долбоорду колдогон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу менен "Кепилдик фонду" ААКсы ишке ашырып жаткан жаңы долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. Блу туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган фондунун жетекчиси Эркин Асрандиевдин айтымында, жалпысынан 279 миллион сомдук 1 451 долбоор жактырылган. Тагыраагы, ушунча сумма кредит катары каралды. Алардын ичинен кичи жана орто бизнеске 125 миллион, ал эми ири бизнеске 154 миллиона доллар жумшалмакчы.

"Белгилей кетчү нерсе, долбоорлордун 80 пайызы аймактарга туура келет. 2018-жылдын июлунда республика боюнча аймактык консультациялык борборлор ачылган, мында адистер акысыз маалымат берип, дыйкан-малчыларга бизнес-пландарын даярдоо боюнча жардам көрсөтүшөт", — деген Асрандиев.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
5 млн. доллар кредитти 2% үстөгү менен алуунун жол-жобосу. Пайдалуу маек
Ал аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн түз каржылоонун лимити 1 миллион доллардан төмөндөтүлгөнүн айтты.

"Эми аймактык ишкерлер Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан 300 миң долларга чейин жеңилдетилген насыяны түз ала алышат", — деди ал.

Ал эми "Кепилдик фондусунун" төрагасы Малик Абакиров фонддун иштөө мезгилинде 800дөн ашуун жаңы жумуш орундары, 100 миллион сом суммасына экспортко багытталган 28 долбоор түзүлгөнүн айткан. Аларга 522 кепилдик берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0