Доллардын кымбатташы кыргызстандыктарга кандай таасир этет? Саресеп

© AFP / ROSLAN RAHMANАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда доллардын курсунан көп нерсе көз каранды — өлкө товарлардын көпчүлүгүн, күйүүчү-майлоочу майды чет элдик валюта менен сатып алып, карызынан да америкалык акча менен кутулат. Sputnik Кыргызстан бул валютанын кымбатташы жалпы мамлекетке жана ар бир кыргызстандыктын турмушуна кандай таасир этерин болжоп көрүүнү чечти.

Өткөн аптадан тарта доллар Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Түркияда кымбаттай баштады. Редакция америкалык валютанын өсүш себеби эмне жана кесепети канчалык экендигин тактап көрдү.

Сомдун абалы кандай?

Куну төмөндөгөнгө чейин бир доллар 68,25 (сатыкта) жана 68,07 (сатып алууда) сом эле. Ал эми ушул тапта акча алмаштыруучу жайларда доллар 69,63 сомдон сатылып, 69,35 сомго сатып алынууда. Тагыраак, "америкалык акча" бир сомдон ашыгыраак кымбаттай түшкөн.

Доллардын өсүшүнүн себеби эмнеде?

Россияда дүйшөмбү күнү доллар 64.5 рублден 68,2 рублге чыкты. Бул былтыркы жылдын апрелинен берки деңгээл. Бүгүн, 15-августта доллар 67 рублге түштү. РИА Новости жазгандай, буга АКШнын Россияга каршы жаңы санкциялары себеп.

Турецкая лира - Sputnik Кыргызстан
Түрк лирасынын куну түшүүдө. Кыргызстандык мигранттарга берген таасири кандай
Казакстанда бир жума ичинде доллар 14 теңгеге кымбаттаган. Бир "америкалык акча" 363,5 теңгеге бааланууда. Төмөндөөнүн себептери болуп рублдин абалынын чабалдашы жана арзандап жаткан мунай болуп саналат.

Түрк лирасынын куну кескин төмөндөп, 5,75тен 7,2 лирага чейин жетип тургандыгын белгилейт РИА Новости. Буга АКШнын эки түрк министрине карата берген санкциялары түрткү болгон. Экинчи фактор — президент Дональд Трамптын АКШ Түркиядан ташылган алюминий жана жана болотко болгон алымдын эки эсе жогорулатылары туурасындагы билдирүүсү.

Эмгек мигранттары эмне болот?

Ар кандай эсеп боюнча чет жакада иштеген кыргызстандыктардын саны миллионго чукулдап барат. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда, бирок Түркия жана Казакстанда да биздин жарандар аз эмес. Мигранттардын которгон акчасы 2 миллиардга жетип, ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү биримдигинин президенти Сергей Пономарев рублдин чабалдашы мигранттардын кирешесинин төмөндөшүнө, андан улам өлкөгө жиберген акчанын азайышына алып келерин айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү биримдигинин президенти Сергей Пономарев
Президент Ассоциации рынков, предприятий торговли и сферы услуг КР Сергей Пономарев - Sputnik Кыргызстан
Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү биримдигинин президенти Сергей Пономарев

"Кудайга шүгүр, 2014-2015-жылдардагы доллардын жана теңгенин арзандашынан улам салган акчанын көлөмү азайган абал кайталанбайт. Буга негиз жок. Эң куру дегенде андай көрүнүш үчүн экономикалык себептер деле байкалбайт. Тек гана ири оюнчулардын ортосундагы саясий оюндар гана таасир эте алат", — деди серепчи.

Түркияда эмгектенген кыргызстандыктар маянасын лира (басымдуу бөлүгү) же доллар түрүндө алышат. Алар да, тигилер да чочулап турган убагы. Маселен, Түркияда жашаган кыргызстандык Инаш Азимдин айтымында, мигранттар Кыргызстандагы жакындарына лираны долларга айырбаштап жөнөтүшөт.

"Эми доллардын куну өсүп кеткенде которуулар жокко эсе болуп же абдан аз жөнөтүлүп калышы ыктымал. Мигранттардын өлкөгө кайтышы да мүмкүн, анткени, айлык акы төмөн, ал эми бул жакта жашоо арзан эмес", — деп билдирет Инаш Азим.

Серепчи Пономарев аталган өлкөлөрдүн бийлиги өз валюталарынын курсун бекемдөөгө өтөрүн, бирок алар андай кадамга жарандардын нааразычылыгы белгилүү бир чекке жеткен шартта гана барарын белгилейт.

Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү биримдигинин башчысы каржылык рыноктогу дүрбөлөң көпчүлүк учурда акча кунунун төмөндөшүнө алып келет, бирок бара-бара улуттук валюталардын салмагы кайрадан арта баштайт. Ошентсе да Пономарев теңге, рубль жана лиранын баасы августтун башындагы деңгээлине жакын арада кайтпайт деген бекем пикирде.

Сомдун кунуна таасири кандай?

Сомдун куну түшөт, себеби, Кыргызстандын экономикасы Россияныкына байланышкан деп боолголойт Пономарев. Бирок ошондой болсо да Улуттук банк кескин төмөндөшүнө жол бербейт деп ойлойт.

"Калк нааразы болуп, куру кепке ынабайт. Кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланчу саясатчылар да чыгат, бул күтүлбөгөн кесепеттерге түртүшү мүмкүн", — деди Пономарев.

Анын айтымында, Улуттук банктын интервенция жана сомду экономикадан алып таштоо өңдүү куралдары бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Премьер: Кыргызстан ЕБге товар сатууда берилген жеңилдикти толук пайдаланган жок
"Экинчи куралдын бир кемчилиги — сомдун таңсыктыгынан улам ишкерлик активдүүлүк басаңдайт. Бирок жакшы жагы да жок эмес, андай таңсыктыктан улам финансисттер чайкоочулук кылбай, чет элдик валютаны сомго алмаштырууга мажбур болот", — деп түшүндүрдү биримдик башчысы.

Сөз соңунда Пономарев кыргызстандыктарга ызы-чууга алдырбоого жана курстун оош-кыйышынан пайда көрүүгө ашыкпоого кеңеш берет.

"Андай кадамдан эч пайда жок, эч качан сиздер финансисттердин амалкөйлүгүнөн ашып түшө албайсыздар. Андан көрө көнгөн адат менен топтогон тыйыныңызды үч валютада: сом, доллар жана евродо кармап турганыңыз оң. Пайда таппайсыз, бирок жоготууга да учурабайсыз. Дагы бир жол бар — каражатты Улуттук банктын алтын уютмаларына жумшоо. Себеби, алтын оңтойсуз абалга эч кептей элек", — деп кошумчалады ал.

Товарларга таасири

Кыргызстандын жеткирүүчүлөр биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева доллардын кымбатташынан кыргызстандыктар жапа чегерин айтат.

© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульКыргызстандын жеткирүүчүлөр биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева
Президент Ассоциации поставщиков Кыргызстана Гульнара Ускенбаева  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жеткирүүчүлөр биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева

"Көп товарларды Кыргызстан чет өлкөдөн сатып алат, келишимдердин басымдуу бөлүгү доллар менен түзүлөт. Күзүндө баанын жогорулашын да күтүүгө болот. Өтө кескин эмес. Себеби, жеткирүүчүлөр сатуудагы айырманы дагы төмөндөтөт. Баалардын жогорулашы — бул алардын соңку далалаты", — деди ал.

Күйүүчү май наркынын жагдайы кандай нук алат?

КР Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов күйүүчү майдын 90 пайызы доллар менен импорттолуп, доллар менен сатып алынарын эске салат. Доллардын курсу күйүүчү май наркынын маанилүү бөлүгү экендигин айтат.

© Фото / Гульназ ДжумабековаКР Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов
Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Улан Кулов - Sputnik Кыргызстан
КР Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов

"Азыр кырдаал аздыр-көптүр туруктуу. Июль айындагы баа өзгөрө элек, августта деле күтпөйбүз. Азырынча доллардын өсүшү өтө жогору эмес. Эгер доллар кымбаттап кете берсе, албетте, баага таасири тийбей койбойт. Бирок баа канчалык өзгөрөрү сентябрга жакын билинет", — деп божомолдоду Кулов.

Мамлекеттик карызды кайтарууга бул кандай чагылат?

Эске салсак, мамлекеттик карызды төлөө негизинен доллар менен жүргүзүлөт. Финансы министрлигинен билдиришкендей, төлөмдөр доллар башына 71,6 сомго туюнтулган. Бул эсеп көрсөткүчүнүн реалдуу курска эч кандай тиешеси жок (маселен, ал азыр андан төмөн). Аталган мекеме ушул тапта чочулоого эч кандай негиз жок экендигин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0