Доллар 4 сом турган учур эсиңиздеби? 25 жылдан берки графика

Жазылуу
Кыргызстандын улуттук валютасы чейрек кылымда долларга салыштырмалуу 20 эсеге арзандаган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук валютасы 1993-жылы киргизилген. Ошол кезде бир доллар 4 сом 14 тыйынга барабар болгон. Акыркы 25 жылда сом 20 эсеге арзандады.

Доллардын эң жогорку курсу 2015-жылдын ноябрь айынын акыркы үч күнүндө жана 2016-жылдын 9-12-январь күндөрү байкалган. Анда бир доллар 75,9 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, бул Улуттук банктын расмий курсу. Ал эми банк жана акча алмаштыруу жайларында доллар кымбатыраак сатылган. Мисалы, 2016-жылдын 26-ноябрында айрым жерлерде бир доллар 79 сомго жеткен.

Доллардын кымбатташы кыргызстандыктарга кандай таасир эте тургандагын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0