Беш ТЭЦке жетмек! 13 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө канча сом кеткен

Жазылуу
Кыргызстандын тышкы карызы 4, 4 миллиард доллар, аны төлөөгө жылына ондогон миллиард сомдор кетет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. 2005-жылдан бери тышкы карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 146,3 миллиард сом кеткен. Бул туурасында Финансы министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын тышкы карызы 4, 4 миллиард доллар, аны төлөөгө жылына ондогон миллиард сомдор жумшалат. Маселен, ушул жылдын эле биринчи жарымында мамлекеттик карыздан кутулууга 13,3 миллиард сом сарпталган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы карызы бир жылда дагы 337 млн. долларга өстү. Инфографика
Финансы министрлигинин сайтында 2005-жылдан 2018-жылдын алты айына чейин бул максатта 13,3 миллиард сом (2 миллиард 104 миллион доллар) кеткени жазылып турат. Бул Улуттук банктын азыркы расмий курсу менен саналган сумма.

Миллиарддаган бул акчалар 386 миллион доллар кетти деген ТЭЦтей дагы беш борборду модернизациялоого жетмек. Азыркы курс (сомдун долларга болгон катышы) менен алганда бул сумма көп чыгышы мүмкүн, ал эми модернизациянын акчалары мурдагы 69,5 сомдон төмөн баа менен эсептелди.

Бул каражат Түндүк менен Түштүктү (азыркы долбоордун наркы — 840 миллион доллар) байланыштырган эки трассаны салууга кенен жетмек. Ал эми калганына, мисалы ТЭЦти жаңылап коюуга болот эле.

Мындай суммадагы акча Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадынан экини салууга жетет эле. "РусГидронун" баасы боюнча долбоор 727 миллион доллар турган. Ал эми жетпей калган 77 миллионду насыя менен чечсе болмок.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Дагы бир жолун айтсак, өлкөдөгү ири долбоорлор гана эмес, кыргызстандыктарга жардам берүү жагын тапса болот эле. Эгерде кызга бериле турган калың 100 миң сомдон башталат деп эсептесек, өлкөдө 1,5 миллион жигит кантип төлөсөм деген баш оорудан арылмак. Же болбосо Неймар сыяктуу спортчулардан сегизди жалдап келип, КРдин футбол боюнча Жогорку лигасына бирден таратып берсе жаман болбойт эле. Себеби, алардын саны да сегиз эмеспи.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөндүгүн эсептеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0