150 кг. салмакты көтөргөн кресло керек! Финансы министрлиги тендер жарыялады

Жазылуу
"Жетекчилердин деңгээлиндеги кресло" нукура териден болуп, 150 килограмм салмакты көтөрүшү керек. Мындан сырткары дагы жети талап коюлган. Бир креслонун баасы 18 миң сом.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Финансы министрлиги 180 миң сомго 10 кресло сатып алууга ниеттенип турат. Бул туурасында тендер Кыргызстандын сатып алуулар боюнча порталына жарыяланган.

Тендер 17-августта саат 19.03тө жарыяланган. Алына турган товарга төмөнкүдөй талаптар коюлган. "Жетекчилердин деңгээлиндеги кресло" нукура териден болуп, 150 килограмм салмакты көтөрүшү керек. Беш дөңгөлөгү, чыканакты кое турган жыгачтан жасалган жөлөнгүчү болгону дурус. Дагы төмөнкүдөй талаптар жазылган:

— жөлөнө турган жери (арты) ыңгайлуу болушу керек;

— чыканактай турган жөлөнгүчү жыгачтан жасалышы керек;

— термелип турсун;

— отурган жери кенен болсун;

— бийик-жапыз кылып турган механизми болушу керек;

— темирден жасалып, желимден капталсын;

— кара түстө болушу зарыл;

— беш тарамдуу жана беш дөңгөлөктүү болсун;

— ортопедиялык жана анатомиялык негизде жасалсын;

— 150 килограмм салмакты көтөрүшү керек;

— кепилдик мөөнөтү — 12 ай болсун.

2015-жылы Финансы министрлиги 10 кресло сатып алууга аракет кылып, бирок коомчулуктун сын-пикирлеринен кийин тендерди токтотуп койгон.

Кыргыз коомчулугуна кымбат баадагы креслолорду сатып алуу боюнча чырлар жакшы тааныш. 2015-жылы кресло алууга 2,6 миллион сомдук тендер жарыяланып, коомчулукта бир топ сын пикирди жараткан. Мындан улам тендер токтотулуп, депутаттар эски отургучтарына эле отурмай болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0