Министр Панкратов ишкерлер үчүн Facebook тармагында тайпа ачууну сунуштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЗаседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке
Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жабык тайпа болгондуктан, ага "ишенимдүү" гана адамдар кирери айтылды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Facebook тармагында ишкерлер үчүн жабык тайпа ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, социалдык тармактар аркылуу министрликтин ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн талкуулар бир топ жакшы жыйынтыгын берүүдө.

"Негизги кемчилиги — талкууларга фейктер аралашып кеткени. Алар же сүрөтүн же өзүнүн анык аты-жөнүн жазбайт. Ошол себептүү анын бул маселеге кандай тийиштиги бар экенин билбейсиң. Бул, албетте, талкуунун кадырын түшүрүп коюп жатат", — деди министр.

Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Салык кодексиндеги өзгөрүүлөрдөн кыргызстандыктар эмнени күтсө болот
Өкмөт мүчөсү аталган топко экономикалык маселелерди талкуулоого чындап кызыгуусу жана тийиштиги бар ишкерлерди, адистерди, аткаминерлерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү туура экенин баса белгиледи.

Министр кошумчалагандай, тайпага "текшерүүдөн өткөн" гана адамдарга комментарий жазууга уруксат берип койсо болот.

Мындан тышкары, Панкратов эгер коомчулук бул демилгени колдоп берсе, тайпага сөзсүз түрдө министрликтин кызматкерлери кошулуп, ар кандай суроо-талаптарга ыкчам жооп берип турарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0