Мамлекеттик карызга кетчү төлөм миллиарддап өсөт. 2021-жылга чейинки график

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майдын соңуна карата мамлекеттик карыз 4,4 миллиард долларга жетсе, анын 3,8 миллиарды тышкы карызга туура келет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кийинки жылдан тарта мамлекеттик карзыга кетчү каражаттын суммасы кескин өсө башташы мүмкүн. Мындай жыйынтыкка республикалык бюджеттин 2019-жылга карата долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу менен таанышып жатып келүүгө болот.

Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкызматкерлердин санын 70%га кыскартууга болот. Эксперттер ой калчайт
Документке ылайык, быйыл бул максаттар үчүн 20 миллиард 56 миллион сом каралган. Кийинки жылы карызга 28,3 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда. 2020-жылы 29,4 миллиард болсо, 2021-жылы 36,5 миллиард сом сарптоо болжолдонуп жатат.

Төлөмдүн басымдуу бөлүгү тышкы карыздан кутулууга жумшалат.

Эскерте кетсек, майдын соңуна карата мамлекеттик карыз 4,4 миллиард долларга жетсе, анын 3,8 миллиарды тышкы карызга туура келет.

Баса, бересе акча беш ТЭЦ курууга жетмектигин да эсептеп чыкканбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0