Жээнбеков түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседание Высшего совета стратегического сотрудничества между Кыргызстана и Турции
Заседание Высшего совета стратегического сотрудничества между Кыргызстана и Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк бизнес форумунда сүйлөп жатып түрк ишкерлерин Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Бишкекте мамлекет башчыларынын жана эки өлкөнүн маморгандарынын катышуусу менен бизнес форум өтүп жатат.

Жээнбеков эки мамлекеттин экономикалык жактан кызматташуусуна жаңы дем берүү керектигин айтты.

"Биздин соода тармагындагы мүмкүнчүлүктөр толугу менен колдонулбай жатат. Товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн бардык аракеттерди көрүү керек. Биз Түркияга экологиялык таза азыкты экспорттоону көбөйтүүгө даярбыз", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы учурда Кыргызстанда ишкердик кылуу үчүн эң жагымдуу шарт түзүлгөнүн белгиледи. Ишкердик кылам дегендерди каттоо процедурасы жеңилдетилип, эми үч күндөн ашык күндү албай турганын кошумчалады. Аймактагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу салыктар бир кыйла төмөн.

Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Режеп Тайип Эрдогандын сапары: кол коюлган документтердин тизмеси
Президент ошондой эле инвестициялык мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүү боюнча реформалар уланып жатканын, анын жыйынтыгында ишкердикке болгон чектөөлөр алынып, келишимдердеги укуктарды сактоо каралат.

Жээнбеков өз сөзүндө жаңы ачылган ишканалар үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулганын айтып, өлкөдө эркин валюта режими иштей турганын баса белгиледи. Чет элдик валютаны сатуу, сатып алууда чектөөлөр жок экенин, технологиялык жабдууларды алып кирүүдө бажы алымдарынан бошотуларын маалымдады.

Түрк президенти Тайип Эрдоган учурда Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүрөт

Жаңылыктар түрмөгү
0