Салык кызматы сегиз айда канча салык жыйнаганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги экономики года в Кыргызстане
Итоги экономики года в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогултулган салык былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы январь-август айында жалпысынан 50 миллиард 726,6 миллион сом салык жыйнаган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, салык кызматы коюлган планды ашыгы менен аткарып, 442,1 миллион сом чогулткан.

"Быйыл жыйынтык 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 943,3 миллион сомго же 10,8 пайызга жогорулады", — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге август айында 7 миллиард 221,1 миллион сом салык чогултулган. Бул 2017-жылдын август айына караганда 795,1 миллион сомго көп же 12,4 пайызга жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0