Адис: Түркия менен соода-сатыкты рубль менен жүргүзүү пайдалуу

Жазылуу
Кыргызстанга сырттан жыл сайын ондогон миллиард рубль келет.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан үчүн Түркия менен соода-сатык жүргүзүүдө орус рублин колдонуу пайдалуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев
Президент Ассоциации рынков, предприятий торговли и сферы услуг КР Сергей Пономарев - Sputnik Кыргызстан
Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев

"Мен ишкерлерге түркиялык кесиптештери менен лира гана эмес, рубль менен дагы соодалашууну сунуштайт элем. Эмнеге десеңер, Түркия Россиядан ири өлчөмдө газ менен нефть сатып алат. Ал эми Россия аларга сооданы рубль менен гана жүргүзөбүз деп талап койгон. Демек Түркияга көп өлчөмдө орус акчасы керек", — деди Пономарев.

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жунусов: жарандардын лира менен түзүлгөн келишимин буза албайбыз
Анын айтымында, Кыргызстандагы банктар Россияда иштеп жүргөн мигранттар которгон рублдерди кайда кетирерин билбей жатат. Андыктан түрктөр менен соодалашууда рублге өтүү банктарга дагы пайда алып келет.

Адис кошумчалагандай, бул нерсе Түркиядан келүүчү товарлардын баасын төмөндөтөт. Анткени конвертация (сом — доллар — лира) жана доллар наркынын өсүшүнө байланыштуу көйгөйлөр жоголот.

Жаңылыктар түрмөгү
0