Бизнесмендер эмнеге туңгуюкка кептелип жатышканын Жээнбековго түшүндүрүштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Жээнбекова с представителями бизнес-сообщества КР в госрезиденции "Ала-Арча"
Встреча Жээнбекова с представителями бизнес-сообщества КР в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлер ишин илгерилетүү үчүн соттук реформа жана коррупция менен күрөштү колдоп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда ишкердик чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү тизмектеди.

Ал билдиргендей, "сиздин бизнесиңизге эмне тоскоол болот?" деген бир эле суроонун негизинде сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы төмөндөгүчө болгон (көбүрөөк кайталанган жооптор):

— Коррупция;

— Жеке менчикти коргоо;

— Социалдык төлөмдөр;

— Жеке каражаттардын жетишсиздиги;

— Мыйзамдын бир калыпта сакталбаганы.

Мындан улам ишкерлер соттук реформа жана коррупция менен күрөштү колдоого алышары айтылды.

Ошондой эле Шаршекеев социалдык төлөмдөр боюнча кеп козгоп анын көлөмү чоң болгондуктан жумуш берүүчүлөрдүн бизнеси туңгуюкка кептелишинин бирден-бир кесепети болуп каларын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0