Дарыгердин 70, райондук гезиттин 80 жылдыгы. Мамлекет өткөргөн 105 той

© AP Photo / Alik KepliczРесторанда стол даярдап жаткан официант. Архив
Ресторанда стол даярдап жаткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо жана мамлекеттик органдарга түрдүү маараке-тойлорду өткөрүү үчүн ишкерлерден акча чогултканды токтотууну буюрду.

Өкмөт башчы Жалал-Абад ОИИБдин атынан кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгын өткөрүүгө каражат жагынан жардам көрсөтүү үчүн ишкерлерге жөнөтүлгөн катты мисал келтирди.

Негизи эле бюджеттин, мамлекеттик органдардын жана жеке ишкерлердин эсебинен өткөрүлүп жаткан мааракелерге беш жылга мораторий жарыялоо керек деген сунушу менен өткөн аптада ЖК депутатыты Акылбек Жаманкулов өкмөткө кайрылган.

Анын айтымында, 2018-жылы белгилениши керек деп түзүлгөн иш-чаралардын тизмесине кирген 105 мааракени тең өтө маанилүү деп эсептөөгө болбойт.

"Алардын ичинен 10-15ин гана өткөрүүгө татыктуу. Көбүнчөсү тың чыкма небере-чөбөрөлөрүнүн аркасы менен тизмеге кирип калган, "тигинин 100, мунун 90 жылдыгы" дегендер. Эсептеп көрсөк, анын баарына мамлекеттик органдардын, демөөрчүлүк кылууга мажбур болгон айрым ишкерлердин 200 миллион сомдон ашык каражаты кетет экен", — деди депутат.

Тамаш көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептен мечит, бакчадан тойкана көп. Кафе-ресторандардан канча салык түшөт?
Мындан тышкары, эл өкүлү өкмөт тарабынан бекитилген 105 иш-чаранын тизмесин берди.

Аны карап көрсөк, чындап эле облустук оорукананын дарыгеринен тарта райондук гезиттердин бир канча жылдыгына чейин киргизилиптир.

Документте көрсөтүлгөндөй, бул той-топурлар жоопкерчиликтүү министрлик, комитет, административдик ведомство, айыл өкмөттөрдүн эсебинен жана демөөрчүлөр аркылуу келген каражаттарга өткөрүлөт деп жазылган.

Эл аралык маанидеги мааракелер

1. Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы;
2. Алп баатыр Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы;
3. Балыкчы шаарынын 120 жылдыгы;
4. СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгы;
5. КРдин Эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы;
6. КР баатыры, чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы;
7. КРдин УКМКсынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы;
8. Коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы;
9. КРдин Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы;
10. КРдин Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун 80 жылдыгы;
11. "Кант-Рыбачье" темир жолунун ачылышынын 70 жылдыгы;
12. Кыргыз сомунун 25 жылдыгы;

Аймактык маанидеги юбилейлер

13. Нарын шаарынын 150 жылдыгы;
14. Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы;
15. Сузак районунун 100 жылдыгы;
16. Базар-Коргон районунун 100 жылдыгы;
17. Лейлек районунун 90 жылдыгы;
18. Аксы районунун 90 жылдыгы;
19. Ноокен районунун 90 жылдыгы;
20. Кадамжай районунун 80 жылдыгы;

Жамааттык маанидеги иш-чаралар

21. Михаил Фрунзе атындагы №73809 аскерлик бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 100 жыл;
22. Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты институтунун түзүлгөнүнө 90 жыл;
23. "Ысык-Көл кабарлары" облустук гезитинин 80 жылдыгы;
24. "Вести Иссык-Куля" облустук гезитинин 80 жылдыгы;
25. "Ош жаңырыгы" облустук гезитинин 80 жылдыгы;
26. Кемин райондук "Эмгек жарчысы" гезитинин 80 жылдыгы;
27. Кыргыз ССРинин геология башкармалыгынын 80 жылдыгы;
28. Нарын облустук "Теңир Тоо" гезитинин 80 жылдыгы;
29. Панфилов райондук "Эмгекке даңк — Слава труду" гезитинин 40 жылдыгы;
30. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын 25 жылдыгы;
31. КР өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 25 жылдыгы;
32. КР Социалдык фондунун 25 жылдыгы;
33. Нарын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын 25 жылдыгы;

Юбилейлик иш-чаралар

34. Коомдук ишкер, тарыхый инсан Карга бий Мендегул уулунун 300 жылдыгы;
35. Саясий ишмер, тарыхый инсан Атаке-баатыр Тынай уулунун 280 жылдыгы;
36. Тарыхий инсан Төрөкелди баатырдын 220 жылдыгы;
37. Төкмө акын жана манасчы Нурмолдо Наркул уулунун 180 жылдыгы;
38. Манасчы Багыш Сазан уулунун 140 жылдыгы;
39. Акын жана жазуучу Абылкасым Жутакаевдин 130 жылдыгы;
40. Кыргыз ССРинин Эл артисти Ыбрай Тумановдун 130 жылдыгы;
41. Кыргыз ССРинин Эл артисти, төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаевдин 130 жылдыгы;
42. Манасчы Актан Тыныбек уулунун 130 жылдыгы;
43. Манасчы Ыбырайым Абдырахмановдун 130 жылдыгы;
44. Төкмө акын Молдо Багыш Сарыбай уулунун 130 жылдыгы;
45. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Айдар Кожобековдун 120 жылдыгы;
46. Кыргыз ССРинин коомдук ишмери Данаке Имановдун 120 жылдыгы;
47. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Асанбек Жантемировдун 110 жылдыгы;
48. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгы;
49. Кыргыз ССРинин Эл артисти Таджихан Хасанованын 100 жылдыгы;
50. Кыргыз ССРинин Эл артисти Лайлихан Моидованын 100 жылдыгы;
51. Социалисттик эмгектин баатыры Ыймаш Базаровдун 100 жылдыгы;
52. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген окутуучусу Ыбрай Жакыповдун 100 жылдыгы;
53. Кыргыз ССРинин Эл акыны Нуркамал Жетикашкаеванын 100 жылдыгы;
54. Социалисттик эмгектин баатыры Курманкул Абдулаевдин 100 жылдыгы;
55. Социалисттик эмгектин баатыры Аграфена Реуцкаянын 100 жылдыгы;
56. Кыргыз ССРинин Эл артисти Султан Юсуповдун 100 жылдыгы;
57. Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Мырза Оморкулдун 90 жылдыгы;
58. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Валерий Кимдин 90 жылдыгы;
59. Төкмө акын, комузчу жана обончу Исак Стамкуловдун 90 жылдыгы;
60. Композитор, комузчу Сейдалы Медетовдун 90 жылдыгы;
61. Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген ишмери Таштан Эрматовдун 90 жылдыгы;
62. Социалисттик эмгектин баатыры Санталатхан Юсупованын 90 жылдыгы;
63. Акын жана котормочу Орозбай Сулаймановдун 90 жылдыгы;
64. Илимге эмгек сиңирген ишмер Бейшен Турусбековдун 90 жылдыгы;
65. Социалисттик эмгектин баатыры Ишемби Илипбаевдин 90 жылдыгы;
66. Тарых илимдеринин доктору Абдылда Каниметовдун 90 жылдыгы;
67. Композитор Мааданбек Алмакуновдун 80 жылдыгы;
68. Социалисттик эмгектин баатыры Таштанбек Акматовдун 80 жылдыгы;
69. КР Эл сүрөтчүсү Алексей Каменскийдин 80 жылдыгы;
70. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сатылган Осмоновдун 80 жылдыгы;
71. Социалисттик эмгектин баатыры Кайыр Мукашеванын 80 жылдыгы;
72. КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Кыргызбай Алагушевдин 80 жылдыгы;
73. Медицина илимдеринин доктору Айнагүл Алмерекованын 80 жылдыгы;
74. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери Усенжан Ибрагимовдун 80 жылдыгы;
75. КРдин Эл артисти Кеңеш Алиевдин 80 жылдыгы;
76. Коомдук жана саясий ишмер Жумаш Эшперовдун 80 жылдыгы;
77. Акын Калыбай Осмоналиевдин 80 жылдыгы;
78. Экономика илимдеринин доктору Кыдыр Абдымаликовдун 80 жылдыгы;
79. Медицина илимдеринин доктору Валентина Кононованын 80 жылдыгы;
80. КРдин Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы;
81. Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери Анвар Касымовдун 70 жылдыгы;
82. Кыргыз ССРинин Эл артисти Акылбек Абдыкалыковдун 70 жылдыгы;
83. КММАнын доценти Жумабай Аденовдун 70 жылдыгы;
84. КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мурат Алиевдин 70 жылдыгы;
85. КРдин Эл артисти Жамиля Сыдыкбаеванын 70 жылдыгы;
86. КРдин мамлекеттик гербинин автору Асеин Абдраевдин 70 жылдыгы;
87. КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери Жылдызбек Молдохматовдун 70 жылдыгы;
88. КРдин эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шакееванын 70 жылдыгы;
89. КММКнын профессору Гульнар Чолокованын 70 жылдыгы;
90. КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери Тазагүл Закированын 70 жылдыгы;
91. КММАнын профессору Мавлянжан Кадыровдун 70 жылдыгы;
92. КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушеванын 70 жылдыгы;
93. КРдин эмгек сиңирген артисти Токтобек Сатаровдун 70 жылдыгы;
94. КРдин Эл артисти Жыргал Көбөгөнованын 70 жылдыгы;
95. КРдин Эл артисти Турганбүбү Бообекованын 70 жылдыгы;
96. КРдин эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаеванын 70 жылдыгы;
97. КРдин маданиятка эмгек сиңирген ишмери Сагыналы Субаналиевдин 70 жылдыгы;
98. КРдин искусствого эмгек сиңирген кызматкери Жалил Сооданбектин 70 жылдыгы;
99. КРдин Эл артисти Назира Мамбетованын 70 жылдыгы;
100. КРдин Эл артисти Лариса Любомудрованын 70 жылдыгы;
101. КРдин Эл артисти Күмөндөр Абыловдун 60 жылдыгы;
102. КРдин Эл артисти Жумакадыр Каниметовдун 60 жылдыгы;
103. КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы;
104. КРдин эмгек сиңирген артисти Жыпариса Кочорбаеванын 60 жылдыгы;
105. Жазуучу жана журналист Кален Сыдыкованын 60 жылдыгы;

Жаңылыктар түрмөгү
0