Күздөн тарта Мамлекеттик ипотека компаниясы пайыздык коюмду арзандатат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБатир. Архив
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы "Арзан турак жай" программасын ишке ашырууда Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуусу зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Быйыл күздөн тарта Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) бюджеттик кызматкерлер үчүн пайыздык коюмдарды 7 пайызга чейин төмөндөтөт. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Шамкеев өлкө башчысына ипотекалык насыя берүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

"Азыркы күндө 8-10 пайыз менен суммасы 3,7 миллиард сомдук 3450 ипотекалык кредит берилген. 2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык насыялардын пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөткөнгө даяр", — деди ал.

Ошондой эле Шамкеев кийин сатып алуу үчүн ижарага берүү ыкмасы менен эконом-класстагы көп батирлүү үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди.

Ипотека берген банкттардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарты. Тизме
"Бул механизм алгачкы төлөмдү талап кылбайт жана пайыздык ченемди 6 пайызга чейин төмөндөтүүнү камтыйт. Азыркы учурда Нарын шаарында 5 кабаттуу, 60 батирлүү эконом-класстагы үй жана Бишкек шаарындагы "Туңгуч" кичи районунда 9 кабаттуу, 135 батирлүү үй курулууда", — деп белгиледи ал.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы ипотекалык насыя берүүнү ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1,3 миллиард сом, 2018-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. 2019-жылы бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы "Арзан турак жай" программасын ишке ашырууда МИК жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуусу зарылдыгын белгиледи.

"Азыркы учурда бюджеттик тармактарда — медицина, билим берүү, маданият жана социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө иштеген жарандар үчүн бекитилген 8-10 пайыздык төлөм кыйындыкка турат. Ошондуктан мамлекеттик ипотека боюнча кредиттердин пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча ишти тездетүү зарыл", — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков андан сырткары, эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу долбоорун ишке ашырууга токтолуп, үйлөрдү аймактарда, тактап айтканда региондорду өнүктүрүү Концепциясындагы өнүгүү орундары катары белгиленген шаарларда курууну жана МИКтин турак жайларынын чарчы метринин наркы калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликтүү болушун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0